Ат-Башы айылынын административдик аймагында жер салыгын жана 1.2.3.4 тайпадагы мүлк салыгынын обьектилерин киргизүү, зоналдык коэфициентти кабыл алуу, айыл чарба багытындагы жерлердин базалык ченемдерин көтөрүү жөнүндө

                          Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

                    кезектеги I сессиясынын

 

                ТОКТОМУ № 1-5

 

               Ат-Башы айылы                                          29-январь 2019-жыл  

 

Ат-Башы айылынын административдик аймагында жер салыгын жана 1.2.3.4 тайпадагы мүлк салыгынын обьектилерин киргизүү, зоналдык коэфициенттикабыл алуу, айыл чарба багытындагы жерлердин 

базалык ченемдерин көтөрүү жөнүндө

 

                                                        Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» №231 мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин №337;339-беренелерине ылайык    Ат-Башы айылынын административдик аймагында КР Салык Кодексинде көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2019-жылдын 1-январынан баштап айыл чарба багытындагы  суу баскан аянтынын салыгы 1 га жылына 191 (бир жүз токсон бир ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. 2019-жылдын 1-январынан баштап  айыл чарба багытындагы кайрак жер янтынын салыгы 1 га жылына 54 сом 30тыйын( элүү төрт) сом 30 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
  3. 2019-жылдын 1-январынан баштап Ат-Башы айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин: айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, калк конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, 1,2,3,4 тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы.
  4. Ат-Башы айылындагы жайгашкан базарлардын жер салыгын эсептөөдө К3 -зоналдык коэфициенти төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

 

         - «Дордой» базары Бакасов.Ж  – 1,2; 

 

          - «Дордой» базарыУсупбаева.А-1,2;

           «Дордой»базарыКасымбеков.И-1,2.

          -«Дордой» базары Турганбаев.Д- 1,2

          -«Дордой» базары Бакасов.М -1,2

          - «Курулуш» дүкөнүА.үсөнов -1,2

          -«Той»соодаборборуАалыбаева.А1,2

          -«Ак-Жолтой» соодаборборуМамажанов.Н-1,2

          - «Аурдин» базары Абдылдаев .М-1,2

 

  1. Кыргыз Республикасынын «Салык эмес төлөмдөр» жөнүндөгү мыйзамынын 12-1 беренесине ылайык тазалык жыйым ар бир  түтүнгө 100 ( жүз) сомдон , аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө 50 ( элүү) сомдон бекитилсин, ошондой эле I, II топтогу ден- соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга жеңилдик берилсин.
  2. Башка физикалык жана юридикалык жактарга, тазалык жыйымдын өлчөмү төмөндөгүдөй бекитилсин:

  - Күркөөлөр үчүн 50 сомдон;

  -Павильондор,дүкөндөр жана мончолор үчүн 100 сомдон;

  -Мекеме ишканалар, айылда жайгашкан банк мекемелери жана башка юридикалык жактар, менчигинин түрүнө карабастан  

   400 сомдон;

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жеткетөөчү адиси Г.Миңбаевага милдеттендирилсин

 

 

 

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Жусубалиевге  тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын

төрагасы                                                            Т. Ыдырысов                                                                                                                                  

                                                   Каттоо № 5                                                                                                                                                       

 

                                                                                                                

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет