Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын айыл тургундарына кызмат көрсөтүүлөрү боюнча бааларын бекитүү жөнүндө

                           Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

                     кезектеги I сессиясынын

 

              ТОКТОМУ № 1-4

 

             Ат-Башы айылы                                                     29-январь 2019-жыл  

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын айыл тургундарына кызмат көрсөтүүлөрү боюнча бааларын бекитүү жөнүндө

 

                               Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору   Д.Сулаймановдун сунушунун   негизинде , Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

                          

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  алдындагы «Көрктүү

          аймак»муниципалдык ишканасынын айыл тургундарына кызмат           

          көрсөтүүлөрүнүн   баалары төмөндөгүдөй бекитилсин:

- камаз менен эксковатордун кызматы 1300 сом;

- котлован, арык  казуу боюнча 1метр  х 200 сом;

      -башка жактын тургундарына 1 метр  х 250сом;

      -таштанды чыгаруучу контейнер коюп берүү (бир даана) 650 сом;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору    Д.Сулаймановго милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  айыл өкмөттүн  башчысынын 

         орун басары    К.Жапаровго тапшырылсын.

 

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин депутаттарынын төрагасы                        Т.Ыдырысов

 

                                                                                               Каттоо №4

 

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
583
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет