Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2019-жылга карата калдык акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

  кезектеги I сессиясынын

 

      ТОКТОМУ № 1-3

 

                   Ат-Башы айылы                                            29-январь 2019-жыл  

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2019-жылга карата калдык акча-каражатын пайдалануу багытын  аныктоо жөнүндө

 

                                Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 1-январь 2019-жылга карата 1 602 094сом 25  тыйын калдык жана атайын эсебиндеги 118 417сом 17 тыйын акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын  жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2019-жылга карата 1 602 094сом 25  тыйын калдык акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
    1. Ат-Башы айылынын квартал башчыларына, аксакалдар сотуна, айылдык кеңештин төрагасына жана айыл өкмөттүн жумушчуларынын эмгек акы, соц.фонд төлөмүнө 791 900 сом;
    2. Таштанды чыгаруучу машинанын өздүк салымы 500 000сом;
    3. Афган күнүнө 10 000 сом;
    4. Тогуз коргоол оюуну боюнча 20 000 сом;
    5. «Көрктүү аймак» ишканасынын  имаратын оңдоого 30 000 сом;
    6. Флагшток 10 000 сом;
    7. Таштанды урна жасоого 100 000 сом;
    8. Ак-+ргөөнүн окуучуларына(КММ) 30 000 сом;
    9. Эстеликтин айланасын жасоого 60 000 сом;
    10. Спорт мектебине 20 000 сом;
    11. Көпүрө салууга  30 194 сом

                   

  1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн атайын эсебиндеги (ата-энелерден түшкөн төлөм) 01.01.2019-жылга калган калдыгы 118 417 сом 17 тыйын бала бакчалардын тарбиялануучуларынын тамак-аш чыгымдарына жумшалсын:

              

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы          Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы                        К. Чоробековго тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                        Т. Ыдырысов

                                                                                                                                  

                                                                                                        Каттоо №3

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет