Ат-Башы айылынын жашоочусу , Ак-Сай ФАПнын тез жардам унаасынын айдоочусу Казиев Кубатбектин арызы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ № 5-6
Ат-Башы айылы 25-декабрь 2018-жыл
Ат-Башы айылынын жашоочусу , Ак-Сай ФАПнын тез жардам унаасынын айдоочусу Казиев Кубатбектин арызы жөнүндө
Ат-Башы айылынын жашоочусу , Ак-Сай ФАПнын тез жардам унаасынын айдоочусу Казиев Кубатбектин, Ак-Сай өрөөнүдөгү кызматтык тамды менчикке чыгарып берүү жөнүндө сурап жазган арызынын негизинде , Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансындагы Ак-Сай өрөөнүдөгү медицина кызматкерлерине салынган турак жайлар мыйзамга каршы келгендиктен жана кийинки муунга сактап калыш үчүн менчикке берилбесин.
- Ат-Башы айылынын жашоочусу , Ак-Сай ФАПнын тез жардам унаасынын айдоочусу Казиев Кубатбекке түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 37