Ат-Башы райондук ҮМБнын директору Т.Кадыракуновдун 2018-жылдын 17-декабрындагы сунушу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ № 5-5
Ат-Башы айылы 25- декабрь 2018-жыл
Ат-Башы райондук ҮМБнын директору Т.Кадыракуновдун 2018-жылдын
17-декабрындагы сунушу жөнүндө
Ат-Башы райондук үй бүлөлүк медицина борборуна, Ат-Башы айылынын үлгүлүү дарыгери, саламаттыкты сактоо тармагындагы сиңирген 40 жылдан ашык үзүрлүү эмгегин баалап,Бейшеналиев Айып Бейшеналиевичтин ысымын берүү жөнүндөгү ҮМБнын директору Т.Кадыракуновдун сунушунун негизинде , Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылындагы ҮМБна көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген, Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген дарыгери»Бейшеналиев Айып Бейшеналиевичтин ысымы ыйгарылсын.
- Ат-Башы айылындагы үй бүлөлүк медицина борбору «Бейшеналиев Айып Бейшеналивич» атындагы ҮМБсы деп аталсын.
- Ат-Башы айылындагы үй бүлөлүк медицина борбору «Бейшеналиев Айып Бейшеналивич» атындагы ҮМБру болуп которулгандыгы боюнча укуктук юридикалык документтерин өзгөртүү жагы ҮМБнын директору Т.Кадыракуновго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдыккеңешинин
депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо №36