Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетин , түзүлгөн иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ № 5-4
Ат-Башы айылы 25-декабрь 2018-жыл
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин2019-жылга карата бюджетин , түзүлгөн иш планын жана ички тартип эрежелерин
бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин2019-жылга карата бюджетин, түзүлгөн иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү максатында жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиевдин билдирүүсүнүн негизинде, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй
бекитилсин:
Киреше бөлүгү:
- Жайыттан түшкөн акча каражаты: 72 000 (жетимиш эки миң) сом.
- Кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча каражаты: 80 000(сенсен миң) сом.
Баардыгы : 152 000 ( бир жүз элүү эки миң) сом.
Чыгаша бөлүгү:
- Эмгек акы, соц.фонд: 136 560 ( бир жүз отуз алты миң беш жүз алтымыш ) сом
- Жайыттын салыгы жана инфраструктурасын жакшыртуу: 15 440 ( он беш миң төрт жүз кырк) сом.
Баардыгы: 152 00 (бир жүз элүү эки миң )сом
- Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш планы жана ички тартип эрежелери бекитилсин (тиркеме №1, №2 тиркелет эки баракта).
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 35
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин
25-декабрь 2018-жылдагы
№5-4 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы районундагы Ат-Башы ЖПБ
2019-жылга иш планы
№ |
Аткарылуучу иштер |
Кимдер аткарат |
Мөөнөтү |
1 |
1-январь 2018-жылга карата Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен бирдикте малдын башын санап тактоо |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
январь, февраль |
2 |
Жайыттарды пайдалануучулардын тизмесин тактоо |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
март |
3 |
Жайыт пайдалануучуларга жайыт мыйзамдарын түшүндүрүү |
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, райондук жайыт кызматкерлери |
февраль |
4 |
Ат-Башы айыл аймагына тиешелүү жайыттарын райондук мамлекеттик каттоо мекемеси менен бирдикте чек араларды тактоо |
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети , КМУКБ |
март |
5 |
Жайытка баруучу маршуруттарды, жолдорду оңдоо |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
март, апрель |
6 |
Жайыт пайдалануучуларга түшүндүрмө берүү, АРИС кызматкерлери менен окууларды өтүү. |
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети , АРИС |
март |
7 |
Жайыт билеттерин берүү |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
апрель, май |
8 |
Убагында ветеринардык дарылоолорду өткөрүү |
Вет сервис |
жыл бою |
9 |
Малдарды жайлоого көчүрүү |
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети |
май, июнь |
10 |
Жайыт акыларды жыйноо |
Жайыт комитети |
2019-жыл ичинде |
11 |
Жайыттарга малдардын жайланышын жана жайыттардын туура пайдаланышы боюнча көзөмөл жүргүзүү |
Айыл өкмөт, жайыт комитети. |
июль,август |
12 |
Жайыттарды туура эмес пайдалангандарга өз убагында актыларды түзүп , тиешелүү чараларды көрүү. |
Райондук жайыт комитети. |
июль, август |
13 |
Жайыттарды жакшыртуу менен алардын инфраструктурасын оңдоо максатында инвестицияларды тартуу бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан болгон акча каражаттарды пайдаланууда жайыт комитетинин мүчөлөрү менен иш алып баруу |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
жыл бою |
14 |
Айыл өкмөттөрдөгү жайыттардын пайдаланылышы жана жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча маалыматтарды , отчетторду райондук жайыт департаментине жиберип туруу |
Жайыт комитети |
жыл бою |
15 |
Ат-Башы жайыт жолдорун оңдоо |
Жайыт комитети |
жыл бою |
16 |
«Көк-Күмбөз» участкасын көрүү , лотокторду оңдоо жана өздөштүрүү |
Жайыт комитети |
жыл ичи |
17 |
«Беккари» чуңкурун (яма) куруу |
Жайыт комитети |
жыл ичи |
18 |
Насос станциядан чыккан чириген темир суу түтүктөрүн 300 метр алмаштыруу |
Жайыт комитети |
июнь, июль,август |
19 |
Сары-Гоонун тургундарын суу менен камсыз кылуу |
Жайыт комитети |
август, сентябрь |
Ат-Башы айыл аймагынын
жайыт комитетинин төрагасы Кожобердиев Ж.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин
25-декабрь 2018-жылдагы
№5-4 токтомуна №2 тиркеме
Ички тартип эрежелери
- Жайыт акы үчүн ар бир баш кой, эчкиге 12 сомдон төлөнсүн. Бодо малга 60 сомдон, торпок, тайга 42 сомдон төлөнсүн.
- Жайыт акысы башка жайыттарга жайлап келсе дагы Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетине төлөнсүн.
- Жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга чөп чабыкка пайдаланып жаткан жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлсүн.
- Жер кыртышын бузууга жол берилбесин.
- Жайытты чөп чабынды катары колдонуп жаткан аянттын ар бир сотых аянтына 10 сомдон акы алынсын.
- Келишим түзүлбөй жер аянттарын пайдаланып жаткан адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
- Алыскы жайытка көчүү убагында графикте көчүү мөөнөтүнөн кечигип, айдоо аянттарына, жайыттарга зыян келтирген мал ээлерине мыйзам чегинде төмөндөгүдөй айып акылар белгиленсин.
- Сары-Коо, Таш-Өтөк, Чар ички жайыттарына жайкысын бир да малчы калбай алыскы жайыттарга көчүрүлсүн.
- Жайкысы сарайларга саап ичкенге 1 (бир) баш уй жана мингенге 1 (бир) баш атка уруксат берилсин.
- Ички жайыттан жайлоолорго 2019-жылдын 20-майынан калбай көчүрүлсүн.
- Алыскы жана ортоңку жайыттарга белгиленген жана эскертилген убакта көчпөй айдоо жерлерге кирген мал ээлерине жана эрте көчүп келген малчыларга төмөндөгүдөй айып акылар белгиленсин:
- бодо малга 500 (беш жүз) сом.
- 1 баш торпок-тайга 300 (үч жүз) сом.
- 1 баш кой, эчкиге 75 (жетимиш беш) сом.
- 1 баш козу, улакка 50 (элүү) сом.
- Жайлоодон көчүп келүү, дыйкандардын оруп-жыюу иштери бүткөндөн кийин уруксат берилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын
жайыт комитетинин төрагасы Кожобердиев Ж.