Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ № 5-3
Ат-Башы айылы 25-декабрь 2018-жыл
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д.Сулаймановдун берген маалыматынын негизинде , Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
Киреше бөлүгү:
- Чарбалык кызмат көрөсөтүүдөн түшкөн киреше 700 000 ( жети жүз миң) сом.
- Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган 2 100 000 ( эки миллион бир жүз) сом.
Баардыгы : 2 800 000 ( эки миллион сегиз жүз миң) сом.
Чыгаша бөлүгү:
- Эмгек акы,соц фонд 1 622 534 ( бир миллион алты жүз жыйырма эки миң беш жүз отуз төрт миң) сом
- Запасттык тетиктер жана күйүүчү май 391 946 ( үч жүз токсон бир миң тогуз жүз кырк алты ) сом.
- Чарбалык жана концелярдык товарлар 728 020 ( жети жүз жыйырма сегиз миң жыйырма) сом
- Кредитордук карыздар(соц. фонд) 57 500 ( элүү жети миң беш жүз) сом
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата бекитилген бюджетинин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы ишкананын башкы бухгалтери К. Асанакун уулуна милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 34