2019-жылга карата Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнүн долбоорун жана 2020-2021 жылга карата киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги V сессиясынын

 

                ТОКТОМУ № 5-2

 

            Ат-Башы айылы                                               25-декабрь 2018-жыл                                                                                  

 

2019-жылга карата Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнүн долбоорун жана 2020-2021 жылга карата киреше бөлүгүнүн  болжолдуу долбоорун   бекитүү жөнүндө

 

                                        2019-жылга карата Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин   билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019- жылга карата бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдөргө бекитилсин:

Киреше бөлүгү:

  1. Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар – 23 330 800 (жыйырма үч  миллион үч  жүз отуз  миң сегиз жүз) сом;
  2. Теңдештирилген грант – 2 832 600 (эки миллион сегиз  жүз отуз эки  миң алты  жүз)  сом.

Баардыгы: 26 163 400 (жыйырма алты  миллион бир жүз алтымыш  үч миң   төрт  жүз)      

сом.

Чыгаша бөлүгү:

  1. Башкаруу аппараты – 16 585 600 (он алты  миллион беш жүз сексен беш  миң алты  жүз) сом;
  2. Мектептер – 5 386 100 (беш миллион үч жүз  сексен алты  миң бир  жүз) сом;
  3. Бала бакчалар – 4 102 700 (төрт миллион бир  жүз эки   миң жети  жүз) сом.
  4. Айыл чарбасынын башка кызмат көрсөтүүлөрүнө- 89 000 ( сексен тогуз  миң) сом ;  

Баардыгы: 26 163 400  (жыйырма алты  миллион бир жүз алтымыш  үч миң   төрт  жүз)  

  сом.

  1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 2020-2021 жылдарга карата болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:

- 2020- жылга 28 137 300( жыйырма сегиз миллион бир жүз отуз жети миң үч жүз) сом

      - 2021-жылга 31 221 300 ( отуз бир миллион эки жүз жыйырма бир миң үч жүз) сом

 

  1. Ат-Башы  айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилген бюджетин түзүлгөн сметага ылайык аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.

 

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы  К.Чоробековго тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдыккеңешинин

депутаттарынын төрагасы                    Т. Ыдырысов                                                                                                                    

                                                                                     Каттоо № 33

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет