Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону жана комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги   V сессиясынын

 

           ТОКТОМУ № 5-1

 

            Ат-Башы айылы                    25-декабрь 2018-жыл                                                                                  

 

Ат-Башы айыл аймагынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону жана комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

 

                      2017-жылдын 13-апрелинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде  Ат-Башы айыл аймагынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону жана комиссиянын курамын бекитүү максатында , Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

    

  1. Ат-Башы айыл аймагынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобо бекитилсин.(тиркеме тиркелет 4 барак)

 

  1. Ат-Башы айыл аймагынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын  курамы тиркемеге ылайык  бекитилсин(тиркеме тиркелет 1 барак)

 

  1. Түзүлгөн комиссия өзүнүн компетенциясынын чегинде иш алып барсын жана комиссиянын  ишмердүүлүгүнүн   материалдык  техникалык жактан камсыздоо жагы  жергиликтүү бюджеттен каржылансын.

 

  1. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө   Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы  К.Чоробековго тапшырылсын.

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдыккеңешинин

депутаттарынын төрагасы                                                          Т. Ыдырысов                                                                                                                                          

                                                                                                 Каттоо № 32

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин

25-декабрь 2018-жылдагы

№5-1 токтому менен бекитилген 

 

Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу

ЖОБО

I.Жалпы жоболор

  1. Ушул ЖОБО Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары-Кодекс) каралган Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын ( мындан ары  Комиссия)  түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
  2. Комиссия Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу  орган болуп эсептелет.
  3. Комиссия жөнүндө жобо , анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
  4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын  бузуулар  жөнүндө  кодексин, башка  ченемдик укуктук актыларды жана  ушул Жобону  жетекчиликке алат.
  5.  Комиссия  кодексте каралган бузуулар жөнүндө  иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
  6. Комиссия жергиликтүү кеңештин  алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык  жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
  7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык  жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын  эсебинен жүргүзүлөт.

 

 

II.Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн  токтотуунун тартиби

 

  1.  Комиссия так санда ,11 адамдан , Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын , катчысынын  жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
  2. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү  Комиссиянын  курамына  төмөндөгүлөр киришет:

-жергиликтүү кеңештин депутаттары;

- муниципалдык кызматчылар;

-шаардын, айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана  жергиликтүү жамааттын  өкүлдөрү(макулдашуу боюнча).

Комиссиянын төрагасы комиссиянын  мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.

 

  1. Жарандык коомдун жана жергиликтүү  жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто  жана  (же) жогорку билимдүү  Кыргыз Республикасынын  жараны  Комиссиянын мүчөсү боло алат.

 

  1.  Жарандык коомдун  жана жергиликтүү  жамааттын  өкүлдөрүнөн:

- соттун чечими менен аракетте  жөндөмсүз жер аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;

- соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган   тартипте алынбаган же аракетке  жабылбаган  соттулугу бар;

 

- акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда  жазык  жоопкерчилигине тартылган;

 

- медициналык  корутундуга ылайык ден соолугунун абалы  Комиссиянын  мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт;  

 

  1. Комиссиянын  иштеп жаткан  курамынын  ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш  Комиссияны  түзүү  жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып  башталат  жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
  2. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:

- жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө  арыз  берген учурда;

- Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо ;

-Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;

-күчүнө кирген соттун  чечими менен Комиссиянын  мүчөсү болуп эсептелген  адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген , дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;

- медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден солугунун абалы  ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;

-Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр-баркын  кетирүүчү жосун жасаган учурда;

-Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;

-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;

- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын  жарандыгынан чыкканда , Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;

-жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укутарынын мөөнөтү аяктаганда;

- жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.

  1. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан он беш календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
  2. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганды жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
  3. Комиссиянын жаңы курамы  Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укутары  токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.

 

 

 

III. Комиссиянын ишинин тартиби

  1. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
  2. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыган жараша ( материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү  бузуулар жөнүндө иштерди  кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
  3.  Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.

Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан  көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.

  1. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө , Кодексте аныкталган тартипте карайт.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын  башчылары өз чечимдери  менен  бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
  3. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
  4. Комиссия, бузу жөнүндө ишти карап чыгып:

а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:

1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин  29-беренеси);

3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

б) ишти кароо Комиссиянын  компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

  1. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча  укутук кесепеттер жөнүндө  токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралаган тартипте  жүзөгө ашырылат.

IV. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары  жана милдеттери

  1. Комиссияныны ишмердүүлүгүн Комиссиянын  төрагасы  уюштурат.
  2. Бузу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын  мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
  3. Комиссия мүчөлөрү:

Төмөндөкүлөргө милдетүү:

-Комиссия  тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;

- бузуу жөнүндө  иштер боюнча  иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;

- жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин  сактоого;

-Комиссиянын отурумдарынын протоколуна  кол коюуга.

Төмөндөкүлөргө укуктуу:

- бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга  суроолорду берүүгө;

-бузуу  жөнүндө иштер боюнча  кабыл алынып жаткан  чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;

  1.  Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары , төмөндөкүлөргө милдетүү:

- Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;

- Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;

-Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;

-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге ( аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;

- Комиссиянын  ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.

- Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын  мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

-өз компетенциясынын  чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон  мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;

- Комиссиянын ыйгарым укутарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;

-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.

  1. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын  мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:

-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда  кароого алдын- ала даярдоону уюштурат;

-Комиссиянын  төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

- Комиссиянын  төрагасы жок болгон учурда  анын ыйгарым укуктарын  ишке ашырат;

-ушул Жобого  жана Кодекске  ылайык  башка функцияларды аткарат.

 

  1.  Комиссиянын катчысы, Комиссиянын  мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:

   - бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;

   -өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;

   -Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

   -келип түшкөн  материалдарды,  билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын  ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт.

  -бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин  жана Жобонун  талаптарына  ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;

   -Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды  талаптагыдай ишти кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;

   - Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт,аларга кол коет;

   - Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге ( аныктамаларга  жана токтомдорго) кол коет;

    -аныктамалардын жана токтомдордун  көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;

    _-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга  даттанууларды кабыл алат,аларды кароону уюштурат;

      - Комиссия тарабынан чыгарылган  аныктамалардын  жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

  - Комиссиянын  иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;

  -бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажырыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө  салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды  даярдайт;

  - отчетуулукту жана статистикалык отчеттулукту жүргүзөт;

  - Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат;

  Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда  анын милдеттерин комиссиянын  төрагасынын тапшыруусу боюнча  комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.

  1. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:

-бузуу үчүн жоопкерчиликке  тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун , анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн , коргоочусунун,өкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн , эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса;

  -иштин чечилишине тике жана кыйыр түрдө кызыкдар болушса, алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.

V. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү

  1.  Иш кагаздардын  жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын  төрагасы  тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы  үчүн жоопкерчилик тартат.
  2. Эсеп журналдарынын  сакталышы , аларга  маалыматтардын  өз убагында  жана  анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын  катчысы тартат.
  3.  Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына  бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын  катчысы  тарабынан жүргүзүлөт.
  4. Бузуулар  жөнүндө иштер боюнча кабарламалар  ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши  керек (№3 тиркеме).

      Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы  билинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай  калуунун себептерин  аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын  жооптуу катчысы  ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын  төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында  тапшырылышын  камсыз кылуучу  чараларды көрүүгө милдетүү.

      Комиссиянын  отурумуна  келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет,

  1. Бузуу   жасалган жерде айып пул өндүргөн  учурда  айып пулду төлөө банк аркылуу жүргүзүлөт(банктык төлөм эсеби берилет), ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы  бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга  кабыл алынган үлгүдөгү, (банкттык чыгымды кошуп эсептеп) атайын  финансылык  отчеттулуктун  документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада  түзүлүүчү айып пул  дүмүрчөгүн (квитанциясын ) берет. Жоопкерчиликке тартылып  жаткан адам салынган  айып  пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн  (квитанциясынын)биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет. Кабыл алынган акча каражатын үч күндүк мөөнөт  ичинде жергиликтүү бюджетке төгүп дүмүрчөгүн тиркейт.
  2. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт;

- бузуулар жөнүндө  протокол жана  ишке байланыштуу  башка материалдар;

-отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн ирээтинде жайгаштырылган  бардык  документтер;

- белгиленген тартипте кол коюлган  комиссиянын  отурумунун протоколу;

-ишти кароонун  жыйынтыгында   отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.

Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.

  1. Комиссия тарабынан  каралган  бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин  номуру каттоо журналындагы  катар номурун жана  келип түшкөн жылды камтыйт.
  2. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары  бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
  3. Комиссия ай сайын Комиссия  тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук (шаардык ) бөлүмү менен салыштырып  текшерип турат.
  4. Комиссия төмөндөкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:

- бузуулар  жөнүндө  иштерди  эсепке алуу журналы;

- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;

- бузууну   жасоо үчүн  жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга  жиберилген кабарламаларды  эсепке алуу  журналы(№4 тиркеме).

  1. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп  журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай дана, көк же сыя көк түстөгү сыя(паста) менен жазылат.
  2.  Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл.Бузуулар  жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим  боюнча архивге тапшырылат.
  3.  Эсепке алуу журналдарды  ички  колдонуунун  документтери болуп эсептелет жана мекеме- уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына , Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын  төрагасынын уруксатысыз берилбейт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                                                                                                                                              Ат-Башы айыл аймагынын

                                                                                                                                                                                                                                             айылдык кеңешинин

                                                                                                                                                                                                                                             2018-жылдын

                                                                                                                                                                                                                                             25-декабрындагы

                                                                                                                                                                                                                                              V-сессиясынын № 5-1

                                                                                                                                                                                                                                              токтому

                                                                                                                                                                                                                                               менен бекитилген

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча

Комиссиянын курамынын мүчөлөрү

 

 

Кызматы

 

 

А.А.А

Туулган күнү, айы, жылы

Ким тарабынан сунушталды

ЖИН

1

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

Жапаров Кубанычбек Турдалиевич

15.12.1972

ЖӨБО

21512197200085

2

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адиси юрист

Курманбек уулу Досумбек

12.07.1979

ЖӨБО

21207197900564

3

Айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар  боюнча башкы адис

Акматов Улукбек Шамырбекович

03.10.1986

ЖӨБО

20310198600344

4

Айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана мал чарбасы боюнча жетектөөчү адиси

Асаналиев Кылычбай Чотубаевич

09.10.1965

ЖӨБО

20910196500361

5

Айылдык кеңештин депутаты

Акматалиев Майрамбек

04.11.1948

Айылдык кеңеш

20411194800196

6

Айылдык кеңештин депутаты

Жоломанов Нарынбек Жоломанович

23.07.1991

Айылдык кеңеш

22307199100188

7

«Көрктүү аймак» МИ директору

Сулайманов Даниэл Бакирович

03.10.1989

ЖӨБО

20310198901446

8

Жаштар кеңешинин өкүлү

Жумабеков Адыл Жумабекович

18.05.1992

Жаштар кеңеши

21805199201444

9

Аялдар кеңешинин  өкүлү

Кыдырбаева Дамира Каленовна

13.07.1966

Аялдар кеңеши

 

10

Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү

Макулдашуу менен өкүлү

 

Макулдашуу менен

 

11

Райондук архитектура  бөлүмүнүн өкүлү

Макулдашуу менен өкүлү

 

Макулдашуу менен

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет