Айылда күзгү оруп-жыюунун жыйынтыгы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХVI сессиясынын
ТОКТОМУ № 16-1
Ат-Башы айылы 17-декабрь 2014-жыл
Айылда күзгү оруп-жыюунун жыйынтыгы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагында күзгү оруп-жыюунун жыйынтыгы жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Асаналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагындагы күзгү оруп-жыюунун жыйынтыгы жөнүндө Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Асаналиевдин билдирүүсү эске алынсын;
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №38