Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещешинин депутаттарынын төрагасын шайлоого карата убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХV сессиясынын
ТОКТОМУ № 15-9
Ат-Башы айылы 18-ноябрь 2014-жыл
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
төрагасын шайлоого карата убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоонун бюллетендерин саноону жүргүзүүчү убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоо бюллетендерин саноону жүргүзүүчү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынан турган төмөндөгү курамда убактылуу эсептөө комиссиясы түзүлсүн:
Эсептөө комиссиянын төрайымы – Г. Молдоянова;
Эсептөө комиссиянын мүчөлөрү – К. Асанбаева;
Н. Ясинова.
- Эсептөө комиссиясына Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоонун бюллетендерин саноону калыс жана таза жүргүзүү тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары Ж. Жумаков
Каттоо №36