Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча иштердин абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХV сессиясынын
ТОКТОМУ № 15-2
Ат-Башы айылы 18-ноябрь 2014-жыл
Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология
боюнча иштердин абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагындагы жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча билдирүүнү угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагындагы жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча иштердин аткарылышын кароо Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кийинки сессиясына калтырылсын;
- Ат-Башы айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Асаналиев КБФ жерлерин тактоо боюнча кеңири маалымат тапшырсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары Ж. Жумаков
Каттоо №29