Айылда күзгү оруп-жыюунун жыйынтыгы жана жайыттардын абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХV сессиясынын
ТОКТОМУ № 15-1
Ат-Башы айылы 18-ноябрь 2014-жыл
Айылда күзгү оруп-жыюунун жыйынтыгы
жана жайыттардын абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагында күзгү оруп-жыюунун жыйынтыгы жана жайыттардын абалы жөнүндө билдирүүлөрдү угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл
аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагында күзгү оруп-жыюунун жыйынтыгы боюнча кароону Ат-Башы айылдык Кеңештин кийнки сессиясына калтырылсын жана айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Асаналиев аткарган иштери тууралуу отчет тапшырсын.
- Жайыттардын абалы жөнүндө жана жайыт комитетинин иши тууралуу маселени кароо жагы туруктуу комиссиянын төрагасы Б. Ибраевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары Ж. Жумаков
Каттоо №28