Ат-Башы аймактык ооруканасынын директору И. Бейшеналиевдин сунушу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХIII сессиясынын
ТОКТОМУ № 13-5
Ат-Башы айылы 31-июль 2014-жыл
Ат-Башы аймактык ооруканасынын директору
И. Бейшеналиевдин сунушу жөнүндө
Ат-Башы аймактык ооруканасынын директору И. Бейшеналиевдин жаш дарыгерлердин убактылуу турак-жайынын батир төлөмүнө жардам берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсү менен келген жаш дарыгерлердин турак жайынын батир төлөмүнө жардам көрсөтүү үчүн айыл өкмөттүн резервдик фондусунун эсебинен мүмкүнчүлүккө жараша акча каражаты бөлүнүп берилсин;
- Бөлүнгөн акча каражаты менен өз убагында камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин;
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Абдылдаев
Каттоо №25