Айылдын социалдык-маданий иштеринин абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХIII сессиясынын
ТОКТОМУ № 13-4
Ат-Башы айылы 31-июль 2014-жыл
Айылдын социалдык-маданий иштеринин абалы жөнүндө
Айылдын социалдык-маданий иштеринин абалы жөнүндө айыл өкмөттүн социалдык коргоо жана маданий өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адиси К. Казиеванын жана туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Курмангалиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагында бир катар социалдык-маданий иштери аткарылгандыгы белгиленсин;
- Социалдык-маданий иш-чаралардын жүргүзүлүшүн дайыма колго алуу жагы айыл өкмөттүн социалдык коргоо жана маданий өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адиси К. Казиева милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Абдылдаев
Каттоо №24