Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХIII сессиясынын
ТОКТОМУ № 13-3
Ат-Башы айылы 31-июль 2014-жыл
Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана
өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагындагы курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөттүн жер, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Д. Сулаймановдун жана туруктуу комиссиянын төрагасы И. Бейшеналиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагындагы курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча аткарылган иштер эске алынсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Абдылдаев
Каттоо №23