Ат-Башы айыл аймагында жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХIII сессиясынын
ТОКТОМУ № 13-2
Ат-Башы айылы 31-июль 2014-жыл
Ат-Башы айыл аймагында жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштерини
жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы жөнүндө
Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Н. Жунусовдун Ат-Башы айыл аймагында жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагында жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы боюнча бир катар иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин;
- Тазалык иштерин дайыма колго алуу жагы «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Т. Аралбаевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Абдылдаев
Каттоо №22