Ат-Башы айыл аймагына караштуу мектептердин директорлорунун жана бала бакчалардын башчыларынын 2013-жылга карата аткарган иштери тууралуу
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезексиз XII сессиясынын
ТОКТОМУ № 12-1
Ат-Башы айылы 13-май 2014-жыл
Ат-Башы айыл аймагына караштуу мектептердин директорлорунун жана бала бакчалардын башчыларынын
2013-жылга карата аткарган иштери тууралуу
Ат-Башы айыл аймагына караштуу мектептердин директорлорунун (Карыбек уулу Акматаалы, А. Керимбаев, К. Мамбеталиев) жана бала бакчалардын башчыларынын (К.Тыналиев, А. Курманалиев, Асылзат-Зирек) 2013-жылга карата аткарган иштери тууралуу маалыматтары жөнүндө билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылындагы орто мектептердин жана бала бакчалардын 2013-жылы аткарган иштери эске алынсын;
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Абдылдаев
Каттоо №19