Ат-Башы райондук Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектепке имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү мүмкүндүгүн кароону Ат-Башы айыл өкмөтүнүн Жерге укукту берүү комиссиясына тапшыруу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХI сессиясынын
ТОКТОМУ № 11-8
Ат-Башы айылы 08-апрель 2014-жыл
Ат-Башы райондук Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектепке имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү мүмкүндүгүн кароону Ат-Башы айыл өкмөтүнүн
Жерге укукту берүү комиссиясына тапшыруу жөнүндө
Ат-Башы райондук Ж.Шералиев атындагы 7 жылдык музыкалык мектепке имарат куруу үчүн Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектептин территориясынан жер аянтын бөлүп берүү тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековдун сунушу менен таанышып жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы райондук Ж.Шералиев атындагы 7 жылдык музыкалык мектепке имарат куруу үчүн Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектептин территориясынан жер аянтын бөлүп берүү тууралуу маселени кароо Ат-Башы айыл өкмөтүнүн Жерге укукту берүү комиссиясына тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Абдылдаев
Каттоо №16