Ат-Башы райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачы Ж.Токтобекованын сунушун кароону кийинки сессияга калтыруу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХI сессиясынын
ТОКТОМУ № 11-7
Ат-Башы айылы 08-апрель 2014-жыл
Ат-Башы райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы
врачы Ж.Токтобекованын сунушун кароону кийинки сессияга калтыруу жөнүндө
Ат-Башы райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна бул борбордун мурдагы башкы врачы, маркум Тентимишов Кенжекарынын наамын ыйгаруу тууралуу аталган борбордун башкы врачы Ж.Токтобекованын сунушу менен таанышып, Ж.Токтобекова өзү сессияга катышпагандыгы себептүү, сунушту кароону кийинки сессияга калтыруу боюнча депуаттардын сунушуна добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна бул борбордун мурдагы башкы врачы, маркум Тентимишов Кенжекарынын наамын ыйгаруу тууралуу аталган борбордун башкы врачы Ж.Токтобекованын сунушун кароо кийинки сессияга калтырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Абдылдаев
Каттоо №15