Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 17-март 2014-жылдагы № 46-б буйругун аткаруу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХI сессиясынын
ТОКТОМУ № 11-6
Ат-Башы айылы 08-апрель 2014-жыл
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын
17-март 2014-жылдагы № 46-б буйругун аткаруу жөнүндө
Ит жаныбарынан жугуштуу (эхинококкоз, альвекокоз) ооруларды таратууга чектөө коюу менен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 17-март 2014-жылдагы № 46-б буйругун аткаруу максатында Ат-Башы айылдык кеңеши КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылында ит жана мышыкты жугуштуу оорулардан алдын алып багуу, коомчулукка зыян келтирбөө максатында санак жана каттоо иштери 2014-жылдын 1-майына чейин жүргүзүлсүн;
- 2014-жылдын 1-майына чейин кароосуз жүргөн иттерди атуу жүргүзүлүп, аларды көмүү иштери аткарылсын.
- Ат-Башы райондук ветеринардык башкармалыгы менен биргеликте Ат-Башы айыл аймагынын үй жаныбарларын вакцинациялоо иштерин аткаруу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн вет адиси К. Орозказиевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Абдылдаев
Каттоо №14