Ак-Сай өрөөнүндөгү ФАПтын тез жардам унаасынын айдоочусу Казиев Кубатбектин кайрылуусун кароону кийинки сессияга калтыруу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХI сессиясынын
ТОКТОМУ № 11-5
Ат-Башы айылы 08-апрель 2014-жыл
Ак-Сай өрөөнүндөгү ФАПтын тез жардам унаасынын айдоочусу Казиев Кубатбектин
кайрылуусун кароону кийинки сессияга калтыруу жөнүндө
Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансындагы турак үйлөрдүн бирин өзүнүн жеке менчигине бөлүп берүү тууралуу Ак-Сай өрөөнүндөгү ФАПтын тез жардам унаасынын айдоочусу Казиев Кубатбектин кайрылуусу менен таанышып, талкуулап, депутаттардын сунуштарына ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансындагы турак үйлөрдүн бирин өзүнүн жеке менчигине бөлүп берүү тууралуу Ак-Сай өрөөнүндөгү ФАПтын тез жардам унаасынын айдоочусу Казиев Кубатбектин кайрылуусун кароо кийинки сессияга калтырылсын.
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынан турган комиссия Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансындагы турак үйлөрдүн абалы менен жеринде таанышып келип, кийинки сессияга сунушун берсин.
- Бул токтомдун 2-пунктунун аткарууну уюштуруу жагы Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы К.Абдылдаевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Абдылдаев
Каттоо №13