«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2014-жылга карата бюджетин кароо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезексиз IХ сессиясынын
ТОКТОМУ № 9-3
Ат-Башы айылы 6-февраль 2014-жыл
«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2014-жылга карата
бюджетин кароо жөнүндө
«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2014-жылга карата бюджетин кароо боюнча талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Т. Аралбаев сессияга катышпагандыгына байланыштуу бул маселени кароо кийинки сессияга калтырылсын.
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Т. Аралбаевге тиешелүү чара көрүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдон суралсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Абдылдаев
Каттоо №3