Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу долбоорлук сметасын кароо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХX сессиясынын
ТОКТОМУ № 20-4
Ат-Башы айылы 15-июнь 2015-жыл
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн
2016-2018-жылдарга карата болжолдуу долбоорлук сметасын кароо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу долбоорлук сметасын кароо жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бүлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу долбоорлук сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ |
Аталышы |
Жылдар |
||
2016-ж |
2017-ж |
2018-ж |
||
1 |
Жергиликтүү киреше |
22606,7 |
25576,7 |
22024,3 |
2 |
Тендештирилген грант |
1810,0 |
1102,4 |
4700,4 |
3 |
Жалпы киреше |
24417,6 |
26679,1 |
26724,7 |
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ нүн башчысы Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо № 23