Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2015-жылдагы № 103-б буйругуна ылайык Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасын бекитүү жөнүндө.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезексиз ХIX сессиясынын
ТОКТОМУ № 19-6
Ат-Башы айылы 29-апрель 2015-жыл
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2015-жылдагы № 103-б буйругуна ылайык Ат-Башы айыл өкмөтүнүнжергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн
2016- 2018-жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасын бекитүү жөнүндө.
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасын карап, талкуулап , Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2015-жылдагы № 103-б буйругуна ылайык Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша болүгүнүн 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасы түзүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №17