Ат-Башы айылдындагы сугат иштеринин абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезексиз ХIX сессиясынын
ТОКТОМУ № 19-1
Ат-Башы айылы 29-апрель 2015-жыл
Ат-Башы айылдындагы сугат иштеринин абалы жөнүндө
Ат-Башы айылынын сугат иштеринин абалы жөнүндөгү, Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Турсунаалы уулу Азаттын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Турсунаалы уулу Азаттын маалыматы эске алынсын.
- Айыл чарба жерлерин сугарууда, суу менен өз убагында камсыз кылуу жана дыйкандарга кезек менен сууну бөлүштүрүп берүү, райондук суу чарба
башкармалыгына тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Асаналиевге милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №12