2014-жыл үчүн айыл өкмөт башчысынын аткарган иштери тууралуу отчетун угуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХVII сессиясынын
ТОКТОМУ № 17-2
Ат-Башы айылы 18-февраль 2015-жыл
2014-жыл үчүн айыл өкмөт башчысынын аткарган иштери тууралуу отчетун угуу жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан 2014-жыл үчүн аткарган иштер боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун отчетун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2014-жыл үчүн аткарган иштер канааттандырарлык деп табылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №2