Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн АРИС (коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун) 3-долбоорунун конкурсуна катышуусу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХXXII сессиясынын
ТОКТОМУ № 32-8
Ат-Башы айылы 11-ноябрь 2016-жыл
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн АРИС (коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун)
3-долбоорунун конкурсуна катышуусу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн АРИС (коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун) 3-долбоорунун конкурсуна катышуусу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси С.Өмүралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылында АРИС (коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун) 3-долбоорунун алкагында түзүлгөн фокус топтордун өткөргөн жыйындарынын жыйынтыгы боюнча муктаждыктардын ичинен 1-орунга чыккан атайын техника (эксковатор) алуу АРИСтин облустук түзүлгөн комиссиясына сунушталсын.
- Айыл өкмөтүнө тиешелүү мурдагы алынган атайын техника (эксковатор) эскилиги жетип токтоп калуу коркунучунда тургандыгы эске алынсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №87