«Кереге-Таш Инвест» ЖЧКсынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы чыгыш №11/11-2016 сандуу каты жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХXXII сессиясынын
ТОКТОМУ № 32-7
Ат-Башы айылы 11-ноябрь 2016-жыл
«Кереге-Таш Инвест» ЖЧКсынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы чыгыш №11/11-2016 сандуу каты жөнүндө
«Кереге-Таш Инвест» ЖЧКсынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу 859,2 га жер аянтында «Кереге-Таш Инвест» ЖЧКсына геологиялык чалгындоо жана изилдөө иштерин жүргүзүүгө 2017-жылдын 1-декабрына чейин уруксат берилсин.
- Тиешелүү төлөм каражаттарын Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебине которуп берүү жагы «Кереге-Таш Инвест» ЖЧКсына милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго жана ЖПБ нын төрагасы Ж. Кожомбердиевге тапшырылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №86