Ат-Башы айылынынын «Асылзат-Зирек» бала бакчасына А. Тилегенованын атын берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХXXI сессиясынын
ТОКТОМУ № 31-5
Ат-Башы айылы 23-сентябрь 2016-жыл
Ат-Башы айылынынын «Асылзат-Зирек» бала бакчасына
А. Тилегенованын атын берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын Ат-Башы айылындагы «Асылзат-Зирек» бала бакчасына маркум А. Тилегенованын атын берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Асылзат-Зирек» бала бакчасы «Айгүл Тилегенова» атындагы бала бакча болуп которулсун.
- А. Тилегенова атындагы бала бакча болуп которулгандыгы боюнча Нарын облустук юстиция башкармалыгынан юридикалык жакты кайра каттоодон өткөрүү жана бала бакчасынын Уставын өзгөртүү жагы бала бакчанын жетекчиси А. үсөновага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №78