Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басары К.Жапаровдун көзөмөлчүлүк кеңеш түзүү боюнча билдирүүсү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХXXI сессиясынын
ТОКТОМУ № 31-3
Ат-Башы айылы 23-сентябрь 2016-жыл
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басары К.Жапаровдун көзөмөлчүлүк
кеңеш түзүү боюнча билдирүүсү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басары К.Жапаровдун көзөмөлчүлүк кеңеш түзүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнө караган мектеп, бала бакчаларда көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү боюнча сессияга сунушталган материал чала даярдалгандыктан сессиянын күн тартибинен алынып салынсын.
- Ат-Башы айыл өкмөтүнө караган мектеп, бала бакчаларга көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү боюнча сунушталган материал өз деңгээлинде даярдабагандыгы үчүн Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тиешелүү кызматтык чара көрүү жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын, көрүлгөн чара тууралуу айылдык кеңештин депутаттарына маалымат берилсин.
- Айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилген маселеге материал даярдоодо так жана өз деңгээлинде даярдоо жагы айыл өкмөттүн кызматкерлерине эскертилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №76