Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХXXI сессиясынын
ТОКТОМУ № 31-2
Ат-Башы айылы 23-сентябрь 2016-жыл
Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча
жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндөгү айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиеванын жана туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Курмангалиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиеванын жана туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Курмангалиевдин берген маалыматы эске алынсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №75