2016-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысы К. Чоробековдун жасаган иштери тууралуу отчетун угуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги ХXXI сессиясынын
ТОКТОМУ № 31-1
Ат-Башы айылы 23-сентябрь 2016-жыл
2016-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысы К. Чоробековдун жасаган иштери тууралуу отчетун угуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын жасаган иштери туралуу отчетун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
- Ар кандай себептер менен аткарылбай калган иштер 2016-жылдын аягына чейин бүткөрүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №74