Айылда жазгы айдап-себүү жана сугат иштеринин абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
Кезектеги ХXVIII сессиясынын
ТОКТОМУ № 28-3
Ат-Башы айылы 10-июнь 2016-жыл
Айылда жазгы айдап-себүү жана сугат иштеринин абалы жөнүндө
Айылда жазгы айдап-себүү жана сугат иштеринин абалы жөнүндөгү айыл өкмөттүн айыл чарба жана жер боюнча жетектөөчү адиси К.Асаналиевдин маалыматын,угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айылда жазгы айдап-себүү жана сугат иштеринин абалы жөнүндөгү айыл өкмөттүн айыл чарба жана жер боюнча жетектөөчү адиси К.Асаналиевдин берген маалыматы эске алынсын.
- Дыйкандарга сугат үчүн бериле турган сууну өз убагында калыс жана так бөлүштүрүп камсыз кылуу жагы райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Ж.Мусаевге сунушталсын.
- Дыйкандарга сугат суунун өз убагында берилишин көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн айыл чарба жана жер боюнча жетектөөчү адиси К.Асаналиевге милдеттендирилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №63