Ат-Башы айыл аймагынын 2013-2017 жылдарга кабыл алынган өнүктүрүүнүн стратегиялык планына толуктоо киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
Кезектеги ХXVI сессиясынын
ТОКТОМУ № 26-7
Ат-Башы айылы 19-февраль 2016-жыл
Ат-Башы айыл аймагынын 2013-2017 жылдарга кабыл алынган
өнүктүрүүнүн стратегиялык планына толуктоо киргизүү жөнүндө
«Эм Эс Ди Эс Пи Кей Джи» тоолуу региондорду өнүктүрүү фондунун демилгеси, Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен 2012-жылдын июнь айында түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Ат-Башы айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын долбоорунун толуктоосу менен таанышып, талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга кабыл алынган өнүктүрүүнүн стратегиялык планына толуктоо иштелип чыгып киргизилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо № 58