Ат-Башы райондук токой чарба мекемесинин 2016-жылдын 15-январындагы жалпы чогулушунун №1 токтому жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
Кезектеги ХXVI сессиясынын
ТОКТОМУ № 26-6
Ат-Башы айылы 19-февраль 2016-жыл
Ат-Башы райондук токой чарба мекемесинин 2016-жылдын 15-январындагы
жалпы чогулушунун №1 токтому жөнүндө
Ат-Башы райондук токой чарба мекемесинин 2016-жылдын 15-январындагы жалпы чогулушунун №1 токтомун угуп жана талкуулап,
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы райондук токой чарба мекемесинин жалпы жамаатынын 2016-жылдын 15-январындагы №1 токтому колдоого алынып, Ат-Башы райондук токой чарба мекемесине анын биринчи жетекчиси Байгазаков Чоробектин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо № 57