Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Дөөткуловдун кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезексиз ХХV сессиясынын
ТОКТОМУ № 25-4
Ат-Башы айылы 20-январь 2016-жыл
Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Дөөткуловдун
кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Дөөткуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Дөөткуловдун кайрылуусун мыйзамга ылайык чечип берүү жагын айыл өкмөт башчысы К.Чоробековго милдеттендирилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы К. Айдыралиев
Каттоо №48