Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ № 8-9
Ат-Башы айылы 26-декабрь 2017-жыл
Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө
Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басары К.Жапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басары К. Жапаровдун билдирүүсү эске алынсын;
- Ат-Башы айылындагы балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдар боюнча анализ жасап, жыйынтык чыгаруу үчүн комиссия түзүү жагы айыл өкмөт башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 39